• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Адылбек Касымалиев Москвада ЕЭК Кеңешинин жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 20.10.24. /Кабар/. Москвада Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун күн тартибинде 50дөн ашык маселе каралып, анын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Анда Кыргызстандын демилгеси менен Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларды ишке ашырууда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер тарабынан каржылык жардам көрсөтүү жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечиминин долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.

Бул чечим Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ЕАЭБдеги өнөр жай кооперациясын каржылык колдоо механизмине катышуусун караштырууну сунуштайт. Бул маселени Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алдыдагы жыйынында кароо пландалууда.

Мындан тышкары, Кеңештин мүчөлөрү Евразия экономикалык комиссиясына биримдиктин мүчө-мамлекеттери менен биргеликте биримдикте өнөр жай кооперациясын каржылык колдоо механизминин чөйрөсүн кеңейтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырышты.

Кеңештин мүчөлөрү Россиянын аймагында идентификациялык каражаттар менен маркировкаланууга тийиш болгон жеңил өнөр жай товарларынын айрым түрлөрүн киргизүү жолу менен кеңейтүү чечимин кабыл алышты. Маркаланбаган продукциялардын жүгүртүүсү 2025-жылдын 1-мартынан тартып белгиленген.

Бул маселени талкуулоонун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев мүчө-мамлекеттердин жеңил өнөр жай товарларын экспорттоочуларына россиялык тараптын маркировка коддорун берүүгө чектик чектөөлөрүнүн жол берилбестигин белгилеп жана бул маселени чечүү үчүн тараптардын улуттук операторлорун сунуштады.

Ошондой эле 2024-жылы Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунда тоскоолдуктарды жоюу жана бошотууларды жана чектөөлөрдү азайтуу боюнча кырдаал жөнүндө отчет жана 2023-жылы Биримдиктин газ, мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногун түзүүнүн жүрүшү жөнүндө отчеттор угулду.

ЕЭК Кеңеши “Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго берилүүчү атайын жөнөкөйлөштүрүүнү аныктоо жөнүндө” чечимди кабыл алды, ал экинчи же үчүнчү түрдөгү сертификаты бар ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго бажы кампасынын бажы жол-жобосуна коюлган товарларын сактоо максатында өз жайларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет.

ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору (IV Чоң протоколдун долбоору) жактырылып, аталган протоколго кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу үчүн ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле бирликке мүчө-мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү максатында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 3 жылдык мөөнөткө тыбытка импорттук бажы алымдарын нөлгө салуу чечимин кабыл алды (30-сентябрды кошуп).

Пикир

Оставить комментарий