Адылбек Касымалиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев 27-Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында «Кыргызстан-Россия» бизнес-диалогуна катышты.

Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзүндө, жыл сайын өтүүчү Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында “Россия-Кыргызстан” бизнес-диалогун өткөрүү салтын канааттануу менен белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүүсүнүн оң динамикасы тууралуу маалымат берип, буга мисал катары акыркы 2 жылда орточо эсеп менен 3 млрд долларды түзгөн эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көрсөткүчтөрүн айтты.

"Албетте, бул көрсөткүчтөр Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгынын, анын ичинде аймактар аралык кызматташуунун натыйжасы. Биздин биргелешкен аракетибиздин аркасында Кыргызстандын экономикасына россиялык түз инвестициянын көлөмү боюнча да оң динамика байкалууда", - деди ал.

Катышуучулар Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын, кыргыз-орус аймактар аралык конференциясынын, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин натыйжалуу ишин оң баалашты.

Адылбек Касымалиев Кыргызстандын министрлер кабинетинин Россия менен бардык багыттар боюнча тыгыз жана жигердүү кызматташууга, эки мамлекеттин өнүгүүсү үчүн тренддик демилгелерди, туруктуу жана инновациялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал россиялык ишкер чөйрөлөрдү жакынкы арада Красноярск шаарында өтө турган 11-кыргыз-орус аймактар аралык конференциясына активдүү катышууга чакырды.

Иш-чаранын катышуучулары “Кыргызстан-Россия” бизнес-диалогу эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу экономикалык кызматташтыкты динамикалуу өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулоо үчүн салттуу аянтчага айланып бара жаткандыгы тууралуу бир пикирге келишти.

Бул контекстте соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүүдө жана диверсификациялоодо, инвестициялык кызматташтыкты арттырууда, анын ичинде жогорку технологияларды, санариптештирүүнү, инфраструктураны жана өнөр жайды өнүктүрүүгө байланышкан курулуш жана өнөр жай кооперациясынын өз ара аракеттенүүнүн жаңы чөйрөлөрүндө Кыргызстан менен Россиянын бизнес-коомчулугунун жана бизнесинин ролу өсүп жатканы белгиленди.

Иш-чарага Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев, Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Владимир Падалко, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев, РКӨФнын төрагасы Артем Новиков, ошондой эле Кыргызстандын жана Россиянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий