• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

“Aero Nomad Airlines” авиакомпаниясы Москвадан Кыргызстанга каттамдардын санын көбөйтүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. 5-декабрдан баштап "Aero Nomad Airlines" авиакомпаниясы Москвадан Бишкек жана Ош шаарларына каттамдардын санын көбөйтүүдө.

"Манас" эл аралык аэропортунан билдиришкендей, каттамдар Airbus — 320 учактары менен аткарылмакчы.

9-декабрдан баштап Бишкектен Москвага каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, ишемби күндөрү аткарылат.

5-декабрдан баштап Ош-Москва багыты боюнча каттамдар жумасына 5 жолу аткарылат - шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү.

Пикир

Оставить комментарий