• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

АФК Кубогу: Эртең "Абдыш-Ата" түркмөнстандык "Алтын-Асыр" менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. 2023-2024 АФК Кубогунун тайпалык этабынын бешинчи турунун алкагында Канттын "Абдыш-Ата" футбол клубу түркмөнстандык "Алтын-Асыр" менен кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Беттеш 30-ноябрда Түркмөнстандагы "Ашхабад" стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө старт алат.

Оюн УТРК Спорт каналында түз алып көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, 4-турдан кийин "Абдыш-Ата" 10 упай менен "Е" тайпасынын турнирдик жадыбалынын сап башында турса, 7 упай менен 2-орунду "Алтын-Асыр" ээлейт, "Мерв" (Түркмөнстан) жана "Равшан" (Тажикстан) командалары 2 упай менен 3-4 орундарда турат.

Тайпа ичиндеги "Мерв" - "Равшан" ортосундагы оюн эртең Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий