• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өзгөндө жаштардын маданий борбору курулуп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылында CASA-1000 долбоорунун алкагында АРИС уюму тарабынан 210 орундуу жаштардын маданий борбору курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылуу иш-чарасына президенттин өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, жергиликтүү бийликтин жетекчилери, айыл аймактын активи, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл тургундары катышты.

Эрнис Толтоев президенттин өкүлү Элчибек Жантаевдин атынан элеттиктерди жаңы жаштардын маданий борборунун ачылышы менен куттуктап, калкты маданий жактан тейлөөдө мыкты шарттардын жаралганын, жаштардын идеяларын жана мыкты демилгелерин ишке ашырганга мыкты аянтча боло турганын белгиледи.

Жаштардын маданий борборунун курулушун демилгелеп, ишке ашырууга жакындан көмөктөшкөн АРИС уюмунун кызматкери Астра Жээналиевага, айыл аймак башчысы Руслан Талантбек уулуна, демилгечи Мунарбек Полотовго КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы тапшырылды.

Маалымат үчүн: CASA-1000 долбоорунун алкагында АРИС уюму тарабынан айылдык жаштардын маданий борборун курууга 75 миң АКШ доллары, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 1 млн сом, Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 1 млн сом каражат бөлүнүп, кыска мөөнөттө бүткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий