• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Агро Диалог" форумунун биринчи күнүндө Айыл чарба министрлигине 256 кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Учурда Бишкекте өтүп жаткан "агро Диалог" форумунун биринчи күнүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине 256 кайрылуу түшкөн. бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Бүгүн, 27-февралда форум Бишкек шаарында ишин улантууда, анда дыйкан, фермерлер айыл чарба тармагынын алдыңкы ишкерлери менен таанышып, талкуунун жыйынтыгында өнөктөштөрдү табууга өбөлгө түзүлүп, ишкерлер бизнесин өнүктүрүүгө жана өз продукциясын сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүктөр жаралууда.

"АгроДиалог" форумунун биринчи күнүнө 591 адам катышкан, түшкөн 256 кайрылуунун ичинен 48 кайрылуу мал жана канаттууларды өнүктүрүү, 5 кайрылуу балык чарбасы жана аквакультура, 6 кайрылуу органикалык продукцияны өнүктүрүү, 2 кайрылуу жайыт маселелери, 3 кайрылуу айыл чарба жаныбарларын тоюттандыруу боюнча түштү. Ошондой эле жер, суу маселелери боюнча 11 кайрылуу жана химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча 3 кайрылуу кабыл алынды.

"Министрлик менен ата мекендик өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр ортосунда койлорду уруктандыруу, бодо мал жана канаттуулар үчүн тоют даярдоо жана өндүрүү, уяң жана кылчык жүндү кайра иштетүү, Тогуз-Тороуз районундагы Казарман айылында мал союучу жайын куруу боюнча 8 меморандум жана макулдашуу түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Агроөнөр жай комплексин кредитөө боюнча “РСК Банк” ААК– 22, “Айыл Банк” ААК – 30, ошондой эле Аймактарды өнүктүрүү социалдык өнөктөштүк фондуна – 6, “Кепилдик фонду” ААК – 17, Кыргыз – Венгер фондуна 15, Өзбек – Кыргыз фондуна – 8, Орус – Кыргыз өнүктүрүү фондуна – 7, “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК – 10 кайрылуу кабыл алынды.

Мындан сырткары, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясына 40 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 15и мүчөлүккө кабыл алынган келишимдери.

Белгилей кетсек, иш-чара 26-28-февраль күндөрү Бишкек шаарында, ал эми 29-февралдан 2-мартка чейин Ош шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий