• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ЖЭБдеги авария. Учурда 1,1 миң адам жана 32 техника күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Коом 0


Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 5-февралда саат 16:30га карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 1109 адам, 32 техника тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде ӨКМден 55 куткаруучу 9 техникасы менен ЖЭБдин имаратынын аймагын тазалап, жылуулоо ишин улантууда.

Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 5 чатыр тигилген.

Министрлик кошумча маалымат берилерин билдирет.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Ал ортодо Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө турган болду. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектөөдө.

Пикир

Оставить комментарий