• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаардык сотунун эки судьясы өз каалоосу менен кызматтан кетти

Коом 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Судьялар кеңеши Ош шаардык сотунун эки судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу Судьялар кеңешинин расмий сайтында айтылат.

Кеңештин 2-февралдагы отурумунда Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы Нурлан Малдыбаевдин өз каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жана ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө арызы каралды. Судьялар кеңеши судьянын арызын канааттандырып, Кыргызстандын президентине анын судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизди.

Ошондой эле Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы Нурлан Султаналиевдин өз каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана ээлеген судьялык кызмат ордунан отставкага кетүү тууралуу арызы канааттандырылды. Тиешелүү чечим Кыргызстандын президентине жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1,2-бөлүктөрүнө ылайык судьянын кызмат ордунан кетиши судьянын отставкасы деп таанылат. Ар бир судья жаш курагына карабастан өз каалоосу боюнча отставкага кетүүгө укуктуу.

Ар кандай маселелердин ичинен «2023-2026-жылдарга сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планынын 1.4 жана 1.5-пункттарын аткаруу боюнча маселелер каралды, тагыраагы, судьялардын тартип комиссиясынын чечимдерине карата Судьялар кеңешине даттануу мүмкүнчүлүгү, Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн санын көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана КР Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгын түзүү тууралуу маселелер каралды.

Пикир

Оставить комментарий