• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандын аймактарында 2 айда 1,3 млрд сомго 670 ипотека берилди – МИК

Коом 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания 2023-жылдын сентябрь-октябрь айларында Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган "Кыргызстанда турак жайды каржылоо" (KFW) программасы боюнча 1 млрд 350 млн сомдон ашык суммага 670 ипотекалык насыя берди.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге көп болуп саналат.

Бардыгы болуп, Кыргызстандын аймактарында KFW программасы аркылуу 3 фазанын алкагында (2020-жылдан 2023-жылга чейин) 2,3 млрд сомго 1 445 насыя берилген.

Эске салсак, 2023-жылдын 21-августунда Мамлекеттик ипотекалык компания KFW Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо" (KFW) программасынын үчүнчү фазасын ишке ашырууну баштаган.

"Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо" программасынын чектелүү каражаттарынан улам 2023-жылдын 11-октябрында "МИК" ААКнын электрондук порталында KfW программасына жаңы өтүнмөлөрдү кабыл алуу токтотулган.

KFW программасы боюнча каржылоо 2024-жылыулантылат.

Пикир

Оставить комментарий