• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

"Ай Кью" жеке менчик мектеби боюнча териштирүү уланууда - Билим берүү министрлиги

Билим 0


Бишкек, 25.07.23. / Кабар/. "Ай Кью" жеке менчик мектеби боюнча териштирүүлөр уланууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева билдирди.

Анын айтымында, КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде комиссия түзүлүп, Токмок шаарындагы аталган окутуу мекемесине барган. Анда комиссиянын өкүлдөрү "Исито" деген жазууну көрүшкөн, бирок "Ай Кью" деген аталыш болгон эмес.

"Исито колледжинин директору имаратты көрсөтүп, анан бизди "Ай Кью" мектебинин директору Мадина Кубаева менен телефон аркылуу байланыштырды. Биз бир күн белгилеп, бардык керектүү документтерди берүүнү сурандык. Ал эми бир күн мурун Кубаева ата-энелердинн көзүнчө баарын көрсөтүүгө убада берген. Ошентип, соттук териштирүүлөр уланууда", - деди ал.

Эске салсак, кечээ билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев аттестат берүү талабы менен келген "Ай Кью" жеке менчик мектебинин окуучуларнын ата-энелери менен жолугушкан.

Министр аттестат соодалашуу жолу менен эмес мыйзамда белгиленген тартипте гана берилерин айткан.

Министрлик "Ай Кью" окуучуларына аттестаттарды берүү КР мыйзамдарына каршы келерин, мамлекеттик органдардын беделине доо кетирип, башка жеке билим берүү уюмдары тарабынан да ушундай жагдайды жаратышы мүмкүн экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий