Аябай капа болдум. Таркович Малайзия менен болгон беттештин жыйынтыгы боюнча

Спорт 0

Бишкек, 16.11.23./Кабар/. Бүгүн Кыргызстан менен Малайзиянын футбол боюнча улуттук курама командалары 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында беттеш өткөрдү.

Оюн Куала-Лумпур шаарындагы "Букит Жалил" стадионунда өттү.

Курамалардын беттеши 4:3 эсеби менен аяктап, малайзиялык футболчулар жеңишти илип кетти.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын машыктыруучусу Штефан Таркович оюндан кийин комментарий берип, беттештин жыйынтыгына аябай капа болгонун жашырган жок.

"Биз үч гол киргизип, атаандаштын дарбазасында көптөгөн кооптуу учурларды жараттык, бирок коргонуу каталарынан улам көп голдорду өткөрүп жибердик. Ушунча гол киргизгенден кийин, натыйжада упайларга жетпей калганыбыз абдан капаландырат", — деди ал.

Башкы машыктыруучу "Ак шумкарлар" бул беттеште көбүрөөк учурларды ишке ашыра алмак деген оюн билдирди. Анткени алар аталган оюнга физикалык жана тактикалык жактан жакшы даярдаган болчу.

"Биздин команда каршылаштарыбызга караганда көбүрөөк кооптуу учурларды жаратты, бирок, тилекке каршы жыйынтыгында, абалды аягына чейин кармап, жөндөй албадык.

Алгачкы 55 мүнөттө команда бир аз пассивдүү болду, атаандашыбызды кысымга алган жокпуз, бирок андан кийин оюнчулар өздөрүн топтой алышты. Бирок кийинки алмаштыруулар чечүүчү ролду ойноду. Дарбазачыны алмаштырууга аргасыз болуп, жана бир нече оюнчулар да алмашкан, андан соң мындай жыйынтыкка келдик.

Эми команда үйдө Оман курамасына каршы ойнойт. Бүгүнкү беттешти талдап, жыйынтыгын чыгарып, жеңилүүнү ызаасын тезирээк унутуп, кийинки оюнга даярдана башташыбыз керек. Оюнчулар катуу иштеп, болгон күчүн берип жатышат, бирок жеке каталар бизди жеңишсиз калтырууда", — деди Таркович.

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу алдыдагы беттеште күйөрмандардын жана трибунанын колдоосу оюнчуларга көбүрөөк күч жана ишеним берет деген ойдо.

"Биздин команда каршылаштарыбызга караганда көбүрөөк кооптуу учурларды жаратты, бирок, тилекке каршы жыйынтыгында, абалды жөндөй албадык", — деп өз оюн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Омандын курамалары менен кез келет.

Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан 21-ноябрда Омандын курама командасы менен ойнойт.

"Ак шумкалардын" тайпадагы экинчи беттеши Бишкекте болот.

Пикир

Оставить комментарий