• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Малайзиядан утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 16.11.23./Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Малайзиянын курамасынан утулуп калды.

Беттеш бүгүн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Куала-Лумпур шаарындагы "Букит Жалил" стадионунда өттү.

Эсеп 4:3, бул ирет жеңишти малайзиялык футболчулар илип кетти.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Омандын курамалары менен кез келет.

Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан 21-ноябрда Омандын курама командасы менен ойнойт.

"Ак шумкалардын" тайпадагы экинчи беттеши Бишкекте болот.

Пикир

Оставить комментарий