• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жогорку Кеңештин төрагасы КМШ ПААнын Кеңешинин жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин жыйынына катышты.

Алгач Төрага Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын кезектеги жыйындары Бишкекте өтүп жаткандыгы чоң мааниге ээ экенин белгилеп: “1992-жылдын сентябрь айында аталган Парламенттер аралык ассамблеянын биринчи пленардык жыйыны Кыргызстанда өткөн. Ошондон бери бул шериктештик мурдагы советтик республикалардын ортосундагы мамилелерди сактоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн аянтча катары кызмат кылып келет”, – деп билдирди.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып КМШга төрагалык кылуу милдети Кыргыз Республикасына өткөнүн эске салган Төрага: “Ага ылайык, уюмдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө багытталган 81 иш-чара мерчемделген. Анын элүүдөн ашыгы аткарылып, алардын арасынан экология жана айлана чөйрөнү коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду”, – деди.

Андан тышкары, КМШ алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Быйыл экономикалык интеграциянын чөйрөсүн кеңейтүүгө, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн инвестициялык кызматташтыгын жакшыртууга көмөктөшүүчү бир катар макулдашууларга кол коюлду. Бул Кыргызстандын төрагалыгы астында жетишилген эң орчундуу келишимдердин бири болду десек жаңылышпайбыз. Анткени, интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү КМШга мүчө башка мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн өстүрүүгө өбөлгө түзөт”, – деди.

Муну менен катар маданий-гуманитардык багыттарда да биргелешкен долбоорлор сунушталганын маалымдаган Жогорку Кеңештин Төрагасы: Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын алкагында аткарылган иштер мүчө-мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелердин мындан ары да чыңдалышына көмөкчү болот деген ишеничтебиз”, – деп кошумчалады.

Мындан сырткары, 2012-жылы Жогорку Кеңештин демилгеси менен КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы негизделгенин айткан Нурланбек Шакиев: “Аталган сыйлык жыл сайын адабият тармагындагы жетишкендиктери, оригиналдуу чыгармалары жана көп кырдуу адабий ишмердүүлүгү менен айырмаланган инсандарга ыйгарылып келет. Ал эми кезектеги Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты филология илимдеринин доктору, профессор, Айтматов таануучу, улуу окумуштуу, академик Абдылдажан Акматалиевге ыйгаруу сунушу каралууда. Анткени, Абдылдажан Акматалиев кыргыз элинин улуттук фольклорун, даңазалуу “Манас” эпосун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын терең изилдеп, анын маани-маңызын, идеясын талдаган дүйнөдөгү алдыңкы окумуштуулардын жана белгилүү Айматов таануучулардын бири болуп саналат”, – деди.

Эскерте кетсек, эртең Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 56-пленардык жыйыны өтөт.

Пикир

Оставить комментарий