• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте аялдамаларды кеңейтүү жана жакшыртуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Бишкекте аялдамаларды кеңейтүү жана жакшыртуу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Манас проспектисиндеги "Шампанвинкомбинат" заводу аялдамасын жакшыртуу боюнча иштер аяктоодо. Аялдама 3 метрге жылдырылды, анын узундугу 42 метр, аянты дээрлик 3 метрди, чөнтөктөр да 3 метрди түзөт. Учурда аялдама комплексинин өзүн жана жол белгилерин орнотуу пландаштырылууда.

Ушундай эле иштер Чүй проспектисинин Манас проспектиси менен кесилишиндеги филармония аялдамасында башталды. Эски аялдама демонтаждалып, 90 тонна таштанды чыгарылды. Учурда бордюр, плита жана суу түтүктөрүн орнотуу иштерин баштоо пландалууда. Андан соң, аялдама аянтчасы асфальтталып, жаңы комплекс орнотулат. Ишти 10 күндүн ичинде бүткөрүү каралган.

Ошондой эле бүгүн Шабдан Баатыр жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамага асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери башталат. 120 метр жол 3 метрге кеңейтилди. Учурда демонтаждоо иштери аяктап, бордюрлар орнотулуп жатат.

Фучик көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин 4 даана эски аялдама комплекси демонтаждалып, учурда аймактарды иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Эски аялдамалардын ордуна жаңы, заманбап аялдамалар орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий