• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көлдү тазалоонун 150-күнүндө 16 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

Аймак 0


Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Ысык-Көлдөн 150 күндүн ичинде 16 тонна 261 кг таштанды жана 101 миң 450 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, суучулдар жайкы мезгилдеги эс алуудан кийин көл жээгин, суунун түбүн кайталап тазалап чыгууда.

Акыркы 8 күн ичинде “Радуга Батыш”, “Дордой” жээктерин, Кош-Көл айылындагы "Коворкинг - резорт Акжол", "Кыргыз таңы", "Волвет курорту" пансионаттарынын жана Тору-Айгырдагы “Голливуд лагери", "Маяк", “Джордж Джованна” лагерлери, Балыкчы шаарынын тушундагы көл түбү текшерилди.

Ошондой эле бир нече айылдардын тушу балык уулоочу торлордон тазаланды.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелерин таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши 2023-жылдын 12-мартында башталган.

Пикир

Оставить комментарий