Бишкек, 08.03.24. /Кабар/. 8-март – Аялдардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Ага карата Улуттук статистикалык комитет атайын топтом даярдаган.
Бул майрам 1975-жылы БУУнун чечими менен расмий макамга ээ болгон жана ошол күндөн тартып, БУУ тарабынан Аялдардын укуктары жана эл аралык тынчтык үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келе жатат.
2024-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7,2 миллион адамды түздү. Мында Кыргызстандагы аялдардын саны эркектердин санынан ашып кетүүсү (50 пайыздан ашык) сакталып калууда.
Аялдардын орточо жаш курагы (29 жаш) эркектерге караганда бир аз жогору (27 жаш). Ошону менен бирге аялдар эркектерге караганда узак жашашат. Аялдардын жашоо узактыгы 2022-жылы 76 жашты, ал эми эркектерде 68 жашты түзгөн. Жашоо узактыгынын ортосундагы ажырым аялдар менен эркектердин өлүм деңгээлиндеги айырмачылыктар менен байланышкан: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,6 эсеге жогору.
Республиканын калкынын жаш курактык курамы никеге туруунун жогорку жыштыгын көрсөтөт. 2022-жылы 48 миңден ашуун аял никеге турган, алардын 87 пайызы биринчи жолу никеге тургандар. Аялдар 20-29 жашында үй-бүлө курууга басым жасашат.
Никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жашта, ар бир төртүнчү аял 17-19 жашта жана ар бир алтынчы аял 25-29 жашта болгон. Аялдардын биринчи никеге тургандарынын орточо жашы 24 жашты, экинчи никеге тургандардын жаш курагы 35 жашты түздү.
Республикада орточо статистикалык аял биринчи баласын 23-24 жаш курагында төрөйт жана жашоосунда үч балалуу болот, бул жетишээрлик жогору көрсөткүч болуп саналат. Көпчүлүк КМШ өлкөлөрүндө төрөт жөнөкөй өндүрүү деңгээлине чейин төмөндөсө, Кыргызстанда калктын жогорку деңгээлде көбөйүшү камсыздалат, т.а., өлкөнүн калкынын саны көбөйүүдө.
Беш жылдык мезгилде төрөттөрдүн саны 2018-жылы 157 миңден 2022-жылы 141 миңге чейин, же 1,3 пайызга азайган. Ошол эле учурда стационарларда төрөлгөндөрдүн эң көп саны 28,6 пайызы – 25-29 жаш, ошондой эле 26,2 пайызы 20-24 жаш курактык топтогу аялдарга туура келген.
2022-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээли 48% дан ашык, ал эми экономикада иштеген аялдардын орточо жашы 40 жашты түзгөн. Өлкөнүн экономикасында эмгектенген ар бир алтынчы аялдын жашы 30-34 жашта болгон. Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, мейманканалар жана ресторандар чөйрөсү, ошондой эле соода сыяктуу ишмердиктин түрлөрүндө көбүнчө “аялдар” гана иштеген иштер болуп саналат.
Жалпысынан республика боюнча аялдардын эмгек акысынын эркектердин эмгек акысына катышы 2023-жылдын ноябрында өткөрүлгөн ишканалар менен мекемелердин бир жолку изилдөөсүнүн маалыматтары боюнча 73,4%ды түздү. Аялдар менен эркектердин эмгек акыларындагы айырма тармактык жумуштардын гендер боюнча түзүмү менен байланышкан.
Иштегендердин жалпы санында жогорку кесиптик билими бар аялдардын үлүшү 2022-жылы 29% ды түзгөн, ошол эле учурда эркектердин үлүшү —19%ды түзгөн, ал эми орто кесиптик билим алгандардын арасында бул көрсөткүч тиешелүүлүгүнө жараша 17% жана 8%ды түзөт.
Жалпы орто билим берүүнүн күндүзгү уюмдарынын педагогикалык персоналынын курамында мурдагы жылдардагыдай эле, мугалимдик кесип катары аялдардын артыкчылыктуу болуп калгандыгы менен шартталган гендердик дисбаланс сакталууда. 2022/2023-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санында аялдардын үлүшү 86 пайызды, эркектердин үлүшү 14 пайызды түзгөн. Мында башталгыч класстардын (1-4-класстар), ошондой эле орто класстардын (5-11-класстар) мугалимдеринин арасында аялдардын саны басымдуулук кылат.
Орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттеринин арасында кыздардын үлүшү кыйла жогору бойдон калууда, 2022/2023-окуу жылынын башына карата 56 пайызды түзөт. Ошол эле учурда, билим берүү, саламаттыкты сактоо, искусство жана маданият, экономика жана башкаруу, тейлөө чөйрөсү сыяктуу адистиктер боюнча билим алууга кыздардын салттуу үстөмдүгү белгиленет. Ошол эле учурда жигиттер - курулуш жана архитектура, машина куруу жана материалдар технологиясы, пайдалуу кендерди иштетүү, электрондук техника, энергетика жана башка салттуу “Эркек” адистиктер менен байланышкан кесиптерди тандашат.
2022/2023-окуу жылынын башына карата жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттеринин арасында аялдардын саны 52 пайызга жакынды түздү. Мурунку жылдардагыдай эле, билим берүү профилин тандоодо гендердик сегрегация сакталат. Алсак, педагогикалык билим берүү (студенттердин жалпы санынан 88 пайыз), табигый илимдер (65 пайыздан ашык), тейлөө чөйрөсү (61 пайызга жакын) багыттары боюнча окуп жаткан аялдардын үлүшү салттуу түрдө жогору. Ошол эле учурда, эркектер негизинен архитектура жана курулуш (82 пайыздан ашык), техникалык (76 пайызга жакын), айыл чарба илимдери (75 пайыз) жана саламаттыкты сактоо (62 пайыздан ашык) адистиктерин тандашат.
Гендердик дисбаланс республиканын кесиптик билим берүү системасынын окутуучуларынын курамы менен мүнөздөлдү. Мында 2022/2023-окуу жылынын башталышына карата башталгыч (51 пайыздан ашык), орто (73 пайызга жакын) жана жогорку кесиптик билим берүү (61 пайыздан ашык) системасында педагогикалык кызматкерлердин арасында аялдар басымдуулук кылган.
Үй иштери көбүнчө аялдардын иштери болуп саналат, анткени аялдар үй жумуштарына өз убактысынын 18 пайыздан ашык кетиришип, күн сайын суткасына орточо эсеп менен 4 саат 20 мүнөт бөлүшөт. Ошол эле учурда, эркектерде бул чыгымдар 4% га жакын убакытты түзөт. Натыйжада, аялдар эркектерге салыштырмалуу үй жумуштарына дээрлик 5 эсеге, ал эми балдарды тарбиялоого 2,3 эсеге көп убакыт коротушат.
Мында айыл жана шаар жерлеринде жашаган аялдардын ортосунда олуттуу айырма белгиленет. Орточо алганда, айыл жергесинде аялдар үй жумуштарына шаардагы аялдарга караганда 1,2 эсе көп убакыт коротушат. Ошол эле учурда, айылдарда иштеген аялдар орточо эсеп менен жуманын бир күнүндө 5 саат 25 мүнөт, ал эми шаарларда — 4 саат үй тиричилиги менен алектенишет.
Аялдардын эс алуусунун активдүү түрү (спорт, сейилдөө) жумасына 1 саат 24 мүнөттү түзөт.
Пикир
Оставить комментарий