• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто айымдардын майрамына карата чоң программадагы концерт тартууланды. Сүрөттөр

Аймак 0

Бишкек, 08.03.24./Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэриясы тарабынан С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Кушубак Шайиев, баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты.

Бакытбек Жетигенов Аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы, ар бир аял күн сайын урмат-сыйга татыктуу экенин белгилеп, айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, шаардын өнүгүшүнө салым кошкон бир катар айымдарга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйлады.

Майрамдык иш-чаранын алкагында маданият башкармалыгынын, эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл инсандардын катышуусунда чоң программадагы концерт тартууланып, 700дөн ашуун аялдарга белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий