• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аялдарга карата зордук-зомбулук. Кыргызстанда элдик көзөмөлдү жандантуу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. "Сезим" кризистик борбору 2021-жылы аялдарды зордуктоо боюнча козголгон 10 кылмыш ишинин жүрүшүн көзөмөлдөөдө.

"Сезим" кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдиргендей, зордукка кабылгандын эң кичүүсү 4 жашта, эң улуусу 78 жаштагы кемпир.

“Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук болсо, аны көз жаздымда калтырбаш керек. Өзүбүз дагы милиция, прокуратура деп койбой, элдик көзөмөл деген уюмду жандантабыз. Аракечтик, баңгилик, кумарпоздукка реабилитациялык уюм жок. Ошону үчүн жаштарыбыз эмне болот дебей, биздин борборго чалгыла. Биз элдик көзөмөлдү жандантып, мамлекетке жардам беребиз”, - дейт Рыскулова.

Жактоочу Тилек Токтакунов 2016-жылдын 8-август күнү Аламүдүн районунун Арашан айылында 78 жаштагы кемпир зордукталганын айтат.

“Аламүдүн районунун соту тарабынан айыпкер денеге анча эмес залал келтирүү жана зордуктоо боюнча күнөлүү деп табылган. Бирок айыпкер даттанып, прокуратура ишти кайра артка кайтарып алган. Себиби ал ошол кезде инфекциялык оорулар менен ооруп калган. Иш ушул күнгө чейин бүтө элек жана үч жолу кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Ушул жылдын апрель айында иш кайра жанданган. Ага карабастан тергөө амалдары жүргөн жок”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий