• 88.68
  • 95
  • 0.95

Товарларды бажылык декларациялоо жүргүзүү убактылуу токтотулду

Коом 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Товарларды бажылык декларациялоо жүргүзүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн финансылык-банктык секторунун коопсуздугун жана финансылык-насыялык уюмдардын активдеринин сактыгын камсыз кылуу максатында коммерциялык банктар жана банктык эмес финансылык-насыялык уюмдар өз ишин токтотуп, өлкөдөгү саясий абал турукташканга чейин коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталган.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктунан тартып бажылык тариздөө жайына чейин бажы транзити, бажы жол-жобосуна жайгаштырылган бажы операциялары, бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарынын талаптарына ылайык, мурдагы режимде ишке ашырылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий