• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кадырбеков таксист менен официанттарга эл аралык этикет нормаларын үйрөтүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өлкөнүн туризм бизнесинин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн туризм тармагын, анын ичинде кышкы туризмди калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын шартында пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты.

«Балким, такси айдоочулары үчүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана эл аралык этикеттин нормаларын үйрөтүүнү биргелешип уюштуруу максатка ылайыктуу. Анткени, алар чет элдик туристтерди аэропорттордон биринчи кезекте тосуп алышат. Ошол эле курстарды официанттар жана гиддер үчүн уюштуруу керек. Алардын жүрүм-турум маданиятынын деңгээли жана тейлөө маданияты өлкөнүн жана элибиздин биринчи элесин жаратат. Көбүнчө сертификаты бар адистер чет элдик туристтерди тейлеши керек. Мындай тажрыйба өнүккөн өлкөлөрдө бар», - деди жолугушуу учурунда министр.

Ошондой эле ал туризм боюнча мамлекеттик саясатты өркүндөтүү максатында, туризм бизнесинин өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуштар менен идеялар дагы каралып, сөзсүз түрдө иштелип чыгарын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий