• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстандыктарды Польшада ишке орноштуруу. КР ТИМ виза алуудагы көйгөйлөрдүн үстүнөн иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Польшага жумушка орношуу үчүн эмгек визасын алуу процедурасын жеңилдетүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, министрлик КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө мыйзамдуу жана уюштурулган ишке орноштуруу, анын ичинде эмгек визаларын алуу шарттарын жеңилдетүү маселелери боюнча туруктуу көмөк көрсөтөт.

Министрликтин жетекчилиги Польша тарап менен 2023-жылдын сентябрь жана 2024-жылдын январь айларында, атап айтканда, Польшанын Алматы шаарындагы Башкы консулу Ю. Тымановский менен аталган маселе боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

"Бул маселени андан ары илгерилетүү жана Бишкек шаарында Польшанын консулдук мекемесин ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо максатында, жакынкы арада Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын жана Польшанын Башкы консулдуктарынын жетекчилеринин деңгээлинде эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин 15-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешов Кыргызстандын жарандарынын Польшага эмгек визасын алуудагы кыйынчылыктар тууралуу маселе көтөргөн.


Жалпы жарандык паспорттун ээлери болгон Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Польшанын аймагына кирүүгө виза алуу зарыл.

Польшанын кыска мөөнөттүү визалары Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан төмөндөгү категориялар боюнча берилет, алардын ар биринин талаптары жана эрежелери айырмаланат: Туристтик виза, Ишкердик виза, Мейман виза, Кызматтык виза, Спорт/маданий виза, Медициналык виза.

Визага тапшыруу үчүн электрондук анкетаны жана керектүү документтердин тизмесин төмөнкү шилтеме аркылуу таанышып алса болот: https://www.eda.admin.ch/countries/kyrgyzstan/ru/home/viza/entry-ch/up-90-days/documents-schengen.html.

Улуттук виза, анын ичинде жумушчулар үчүн арыздар Польшанын Алматыдагы Башкы консулдугуна берилиши керек.

Пикир

Оставить комментарий