• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Майдагы майрамдарда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүшөт

Коом 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында милициянын өздүк курамы 30-апрелден 10-майга чейин кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн тартибине өтүшөт. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция майрам учурунда адамдардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Милиция кызматкерлери мыйзам чегинде иш алып барууга, жарандардын укуктарын коргоого, укук бузуулар аныкталган учурда ээлеген кызматына жана абалына карабастан ар бир адамды жоопкерчиликке тартууга милдеттүү.

Мындан тышкары, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүшөт. Мас абалындагы айдоочуларга же айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкаруучуларга көбүрөөк көңүл бурулат.

“Шектүү жарандарды байкаган же ээсиз буюмдар табылган учурда бул тууралуу ички иштер органдарына “102” телефону боюнча токтоосуз маалымдоону өтүнөбүз. Милиция кызматкерлери Кыргызстандын жашоочулары үчүн май айындагы майрамдарды кырсыксыз өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүшөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий