• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кегетидеги токойго Тянь-Шань карагайынын 2 миңден ашык көчөтү отургузулду

Коом 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-майында Айыл, токой жана суу чарба министрлигинин жалпы кызматкерлери Чүй токой аңчылык чарбасынын Кегети токойчулугунда Тянь-Шань карагайын отургузуу ишембилигин өткөрүштү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Кегети токойчулугунун 2 гектар жер аянтына 2 миңден ашык Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулду.

Кегети токойчулугунун жалпы аянты 9919 гектарды чапчып, анын ичинен токой каптаган бөлүгү 40 пайызын түзөт. Быйыл Кегети токойчулугунун 5 гектар жер аянтына ийне жалбырактуу 5500 даана көчөт отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий