• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Малды экспорттоого ветеринардык иш кагаздарды жасалмалаган жарандар колго түштү

Коом 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Кыргызстандан ири жана майда мүйүздүү мал-жандыктарды экспорттоо үчүн тиешелүү ветеринардык иш кагаздарын жасалмалаган туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган схемага Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Ш.Н.Т.нын түздөн-түз тиешеси бар болуп чыккан.

Ш.Н.Т. акчалай сыйлык үчүн мал-жандыктарын сыртка чыгаруу менен алек болгон жеке адамдарга форма-1 үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктөрдү 21 күндүк карантинди жана термометрия процедураларын өткөрбөстөн, ошондой эле мал-жандыктардын бруцеллез жана туберкулез боюнча милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү диагностикалык текшерүүнүн талаптарын одоно түрдө бузуу менен берип турган.

Шектүү жана аталган схеманын башка катышуучулары 100 миң сомдон ашык өлчөмдөгү келишим боюнча макулдашып жатышкан учурда кармалышты.

Кармалгандар Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий