• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Аянтта тизилген жаңы техникалар парады

Коом 0


Кезинде нааразычылыктар гана жаңырган Ала-Тоо аянтында акыркы 3 жылдан бери жалаң гана жакшы жаңылыктар жаңырууда. Ырыскы ыроолойт деген ушул белем, айтор мекенибизде жалаң гана жакшы жаңылык, жетишкендик, өнүгүү орун алып жатканына жалпы журт күбө. Экономика ирденип, жаңы техниларды күн ара сатып алган күн да келди. Бир кездерде ушунун баары ишке ашпаган кыялдай сезилер эле. Алгач аянтта тизилген техникаларды көрсө шаар тургундары таңыркап карап, бири биринен сурап, жанына келип сүрөткө түшүп, элде кызыгуу жаралчу. Азыр эл да көнүп, көнүмүш адатка айланып бараткандай.

Эгемендиктин 30 жылында миңдеген техника мындай турсун, 10 техника сатып ала алган эмеспиз. Салтка айланып бараткандай эле бүгүн дагы борбордук аянтта өлкөгө жаңы келип кыргыз элине кызмат кылсам деген үмүт менен өз кезегин күткөнсүп эчендеген техникалар тизилип турат.

Буга чейин жол курууга, кыргыз армиясына, ӨКМге, энергетиктерге, саламаттык сактоо тармагына, Бишкек шаарынын мэриясына миңдеген техникалар алынса, бул ирет айыл чарба тармагына керектүү жабдыктар менен жабдылган техникалар алынып келди. Дагы толукталып келери күтүлүүдө.

Кыргызстанда айыл чарба тармагы маанилүү ролду ойнойт. Дан эгин, жашылча-жемиштин түрү өстүрүлүп, дыйканчылык жакшы өнүккөн. Бирок, тилекке каршы дал ошол дыйканчылык, жер иштетүүдө буга чейин мамлекет дыйкандарга жеткиликтүү шарт түзүп бере алган эмес.

Акыркы 3 жылда айыл чарба техникалары жеңилдетилген шартта лизингге берилип, асыл тукум малдан тарта, үрөнгө чейин мамлекет тарабынан камсыздалууда.

Бул ирет канал, арык казуу иштерине ылайыкталган заманбап шаймандары бар жаңы техникалар келиптир.

Анын үстүнө ушул жылы орун алган табият кырсыктары, анын ичинде адам өмүрүн алган сел апааты алыскы райондордо суу системалары, агынды суулар кеткен каналдардын иштен чыгып калганын далилдеди. Селдин кесепеттерин жоюу иштери жаңы алынган ӨКМдин техникаларынын жардамы менен алда канча бат жана натыйжалуу болгону маалым. Мурда мындай учурларда жүдөп эски техникалар менен алышып, бузугун оңдой албай шайыбыз кетип, техникалар бизге эмес, биз аларга кызмат кылган күндөр артта калды өңдөнөт.

Техникалар каяктан, кайсы акчага келүүдө деген суроо жаралбай койбойт. Албетте, бул техникаларды чыгарган өлкөлөр бизге боору ооруп же кайрымдуулук кылып бекер берип жаткан жок. Тышкы саясатты туура жүргүзүүнүн жана коррупциянын ооздукталгандыгынын жыйынтыгы.

Кумтөрдөн, салыктардан, бажыдан, чогулган акчалар ушинтип ар тармактагы муктаждыктарга жумшалып, эскибиз жаңырып, жогубуз бар болуп келе жатат.

Диана Айдарова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий