• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Айбек Молдогазиев АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулады.

Тактап айтканда, Сириядан Кыргызстандын жарандарын – аялдарды жана балдарды репатриациялоону ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн, ошондой эле КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Коргоо министрлигинин муктаждыктарына көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн америкалык тарапка ыраазычылык билдирилди.

Мындан тышкары, тараптар эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды, ошондой эле “С5+1” регионалдык диалогдук платформасынын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий