• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Молдогазиев Шибата шаарынын мэри баштаган япониялык делегацияны кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Япониянын Шибата шаарынын мэри Каору Никайдо баштаган делегация менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан Японияны демократиялык өнүгүүнүн, саясий, соода-экономикалык кызматташуунун жалпы баалуулуктарын бөлгөн жакын жана достук өнөктөш катары карай турганын белгиледи.

Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан бардык тармактарында жүргүзүлүп жаткан саясий жана социалдык-экономикалык реформаларга токтолду. Атап айтканда, министрлер кабинетинин алдында жогорку технологиялуу, атаандаштыкка жөндөмдүү экспорттук өнөр жайды кеңейтүү, мамлекеттин экономикасын чийки затты экспорттоодон индустриалдык-инновациялык түргө өтүүнү камсыз кылуу милдети турганы белгиленди.

Маектешкендер жана Кыргызстандын президентинин 2023-жылдын ноябрь айында Японияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын өсүүсү байкалганын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий