• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Айбек Молдогазиев Түркия ТИМ башчысынын орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 05.10.24. /Кабар/. Түркияга болгон иш сапарынын алкагында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери кеңири талкууланды.

Тараптар эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү, ошондой эле көп тараптуу аянтчаларда биргелешкен аракеттерди координациялоо маселелерин талкулашты.

Тараптар алдыда боло турган иш-чаралардын жана жогорку деңгээлдеги визиттердин графигин кайрадан карап чыгышты.

Айбек Молдогазиев түрк кесиптешин кезектеги эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги кыргыз-түрк саясий консультацияларын өткөрүү үчүн Кыргызстанга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий