• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кулубаев Минскте ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

Саясат 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Кеңеш 20-июнда Минск шаарында өтөт. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Отурумдун жүрүшүндө министрлер эл аралык жана аймактык кырдаалдын абалы жана анын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасири, ошондой эле ЖККУ менен эл аралык уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар боюнча пикир алмашууну пландаштырууда.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталында Беларусь Республикасында өткөрүлө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдык көрүүнүн жүрүшү каралат.

Пикир

Оставить комментарий