• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда Кувейт элчилигин ачуу маселеси ачык бойдон турат - Кувейттин тышкы иштер министрлиги

Саясат 0

Эль-Кувейт, 21.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда Кувейт элчилигин ачуу маселеси ачык бойдон турат. Бул тууралуу журналисттерге Кувейттин тышкы иштер министринин орун басары Али Сулайман Аль Саид билдирди.

Анын айтымында, бул маселе мурда талкууланган, бирок дагы деле ачык бойдон турат.

"Биздин Казакстандагы элчилигибиз бар. Ал Кыргызстандан анча алыс эмес. Азырынча биз ал аркылуу иштеп жатабыз", - деди ал.

Кувейттин тышкы иштер министринин орун басары, Эль-Кувейтте Кыргызстандын элчилиги бар экенин жана аны менен тыгыз дипломатиялык мамилелер түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстан менен Кувейттин дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнө 25 жыл болгонун айтып өттү.

"Биздин кызматташуу Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан тарта башталган. Кыргызстан Кувейт-араб экономикалык фонд менен тыгыз иштешип жатат. Жол, оорукана куруу боюнча бир катар долбоорлор бар. Кыргызстандагы досторубуз биздин кайрымдуулук фонду тууралуу билишет. Биздин көптөгөн жарандар Кыргызстанга туризм, кайрымдуулук багытында барып жатканы мени кубандырат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий