Таш-Көмүр шаарында 7 жаштагы бала дайынсыз болууда

Кырсык 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында 7 жаштагы бала дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 10:30 чамасында "112" кызматына Новостройка айылынын 2016-жылы туулган Н.Т. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы жана ал Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык бөлүмунөн 3 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 30 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон эмес.

Издөө иштери 19-июнь күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий