• 87
  • 90.41
  • 0.84

Айбек Молдогазиев USAID`дин Кыргызстандагы директору Сара Верт менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кыргызстандагы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жаңы дайындалган директору Сара Верт менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, Айбек Молдогазиев Сара Вертти USAID`дин Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин билдирди. Ал ошондой эле USAID`дин Кыргызстандагы негизги тармактарды өнүктүрүүдөгү маанилүү салымын белгилеп, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл чарба, билим берүү жана креативдүү экономика багыттарындагы программаларды колдоону өзгөчө баалады.

Сара Верт өз кезегинде Кыргызстандын өнөктөштөрү менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана экономикалык гүлдөп-өсүшү үчүн тыгыз кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.

Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев USAID`дин Кыргызстандагы миссиясынын директору Сара Вертке кесиптик ийгиликтерди каалап, анын ушул кызматтагы ишмердүүлүк мезгилинде республика үчүн маанилүү долбоорлордун мындан ары да илгерилешине үмүтүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий