• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Айбек Жунушалиев: Аянттагы туу айрылды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Коом 0


Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Кечээ интернет булактарында Бишкектин борбордук аянтында илинип турган башкы желектин айрылганы боюнча маалымат тараган. Бирок, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ал маалымат чындыкка дал келбестигин жана аянттагы туу айрылбаганы далилденгенин билдирди.

“Кече мэрия эле эмес Бишкек шаарынын тургундары да өз демилгеси менен желекти тартып, онлайн карап далилдеп беришиптир. Туубуз эч кандай айрылбай, сонун эле турат. Биз бүгүн ага карабастан, балким туура эмес маалымат болуп калган деп тууну түшүрүп, алмаштырганга дагы мажбур болдук. Азыр ошол желекти коомчулукка көргөзүп жатабыз”- дейт шаар мэри.

Ал өлкөнүн негизги атрибуту болгон туу ар дайым көзөмөлдө болоорун, эгер кандайдыр бир себеп менен туу айрылган болсо дароо алмаштырууга толук мүмкүнчүлүк бар экенинин белгиледи.

Расмий маалымат боюнча желек жылына 4 же 5 жолу алмаштырылат. Бул аба ырайынын таасиринен көз каранды. Азыркы тапта 5 желекке тендер өткөрүлгөн. Учурда анын үчөө даяр.

Пикир

Оставить комментарий