Айбек Жунушалиев Бишкек ЖЭБнин иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЖЭБдин аймагында шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге көчмө жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында Жылуулук электр борборун 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси каралды.

Жылытуу мезгилине керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн аныктоо тапшырылды.

Ошондой эле көзөмөлдөөчү жетекчилерге ЖЭБдин аймагын көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча иш планын иштеп чыгуу милдеттендирилди.

Тиешелүү жетекчилерге стихиялуу пункттардын уруксатсыз иштерин жоюуга байланыштуу бирдиктүү көмүр сатуу пунктун уюштуруу маселесин кароо тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий