• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ибраев Ысык-Көлдө энергетиктер эс ала турган пансионаттын шарты менен таанышты

Коом 0


Бишкек, 25.06.23./Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барып, энергетиктер жана алардын бардары эс ала турган пансионаттын жана лагердин шарты менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, "Кыргыз улуттук электр тармактары" ААКка караштуу "Эл Нуру" пансионатына жыл сайын жети облустагы энергетиктер барып, алты күндөн эс алышат. Аталган пансионат 137 орундуу.

Быйылкы жылдын эсебинен оңдоп-түзөө иштер аяктап, жаны сезондун ачылышы катары пансионат кызматкерлери эс алуучулардын биринчи тобун кабыл алышты.

Министр "Эл Нуру" пансионатынын аянтын кенейтүү, кошумча орундарды кошуу маселесин карап, бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарынын мэриясы менен биргеликте иш алып жатканын билдирди.

Мындан тышкары, министр энергетиктердин балдары эс алган "Барчын" лагерине барып, оңдоп-түзөө иштеринен кийинки шарты менен таанышып, жеринде маалымат алды. Учурда окуу жылы аяктап, лагерде 67 бала эс алууда. Барган сайын балдардын саны көбөйүп, сезон маалында 300дөн ашат.

Энергетика министрлигинин максаты энергетиктерди тынымсыз иштетип гана койбостон, жайкы сезондо өзүдөрүн жана балдарын кошо эс алдырууга шарт түзүп берүү.

Пикир

Оставить комментарий