• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Курман айт намазы эски аянтта окулат. Программа

Коом 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда Курман айт намазы 28-июнда күнү эски аянтта окулат. Бул тууралуу муфтияттин билдиришти.

Иш-чара таңкы саат 06:00дө башталып, дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат.

Программа:

  • 06:00-07:00 – дин аалымдарынын баяндамасы;
  • 07:00-07:30 – Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин куттуктоосу жана баяндамасы;
  • 07:30 – Айт намаз.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.

Белгилей кетсек, Курман айт майрамына байланыштуу кыргызстандыктар 28-июнда эс алат.

Пикир

Оставить комментарий