• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Юстиция министрлиги нотариат системасын реформалоо жаатында иштерди улантууда

Коом 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Юстиция министрлиги нотариат системасын түп-тамырынан бери реформалоону жана нотариалдык иш чөйрөсүндөгү системалык кемчиликтер менен иштөөнү улантууда.

Ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, мисалы, укук коргоо органдары менен биргеликте айрым нотариустардын, анын ичинде нотариалдык биримдиктердин жетекчилеринин деңгээлинде жасалма дипломдордун фактылары табылууда.

Ошондой эле, экзамендик процедуралардын натыйжалуулугун, автоматташтырылган компьютердик тестирлөөнүн ролун жогорулатуу жана субъективдүү фактордун экзамендин жыйынтыгына тийгизген таасирин азайтуу максатында экзамендин форматы өзгөртүлдү.

Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» Мыйзамынын жоболорун 2023-жылдын 30-мартындагы жеке жана мамлекеттик нотариустардын укуктарынын теңдөө, жеке нотариустардын мурас иштерин алып баруу жаатында, жеке нотариустардын жалпы чогулушун өткөрүү жана Нотариалдык палатаны түзүү багыттарында ишке ашыруу процесси жүрүп жатат.

Нотариат чөйрөсүндө 15тен ашык ченемдик укуктук актылар иштелип чыгып, коомдук талкууга чыгарылды.

«Архив» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ал ишке киргизилүүдө, бүткүл өлкө боюнча нотариалдык архивдер санариптештирилип жана нотариалдык документтер реалдуу убакыт режиминде АМСна киргизилүүдө.

Нотариустар тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдүн жана башка мыйзам бузуулардын мүмкүндүгүн четтетүү, алардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу, нотариалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында «Электрондук нотариат» автоматташтырылган маалыматтык системасын модернизациялоо процесси жүргүзүлүүдө. Ал жарандардын, нотариустардын манжа изи жана Face ID аркылуу коопсуздук аркылуу биометрикалык идентификациялоосун камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий