• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жарым жылдын ичинде 6,5 миң жашы жете электер жөнүндө мыйзам бузуу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Жарым жылдын ичинде 6,5 миңден ашуун жашы жете электер жөнүндө мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коррупцияга бөгөт коюу, социалдык сферадагы мыйзамдардын аткарылышын жана балдарды коргоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Талантбек уулу Нуржан Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратуранын текшерүүлөрүнүн натыйжасында 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында жашы жете электер тууралуу мыйзамды аткаруу тармагында 6,5 миңден ашуун бузуу аныкталган. Аларды жоюу тууралуу 935 прокурордук жооп кайтаруу актысы киргизилген жана дисциплинардык жана административдик жоопкерчиликке 1 миң 31 адам тартылган. 12 кылмыш иши козголуп, 50 доо арыз сотко киргизилген.

“Республиканын прокуратура органдарынын негизги аракеттери жетим балдардын укугун коргоого, эне жана баланы, үй-бүлөнү коргоого, билим берүү жөнүндө мыйзамга баш ийүүнү камсыз кылуу, жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын профилактикасына жана жашы жете электердин эмгектери тууралуу мыйзамга баш ийүүнү камсыздоого багытталганын белгилеп өтүү керек”, - деди Талантбек уулу Нуржан.

Пикир

Оставить комментарий