• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте өткөн жалпы шаардык ишембиликке 13 миңден ашуун жаран катышты

Коом 0

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-мартта Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өттү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, шаарды тазалоого 13 миң 477 жаран жана 713 мекеме катышты. Таштандыларды чыгаруу үчүн шаардык кызматтар тарабынан 28 даана атайын техника тартылган. Ишембиликтин бардык катышуучуларына белгилүү аймактар бөлүнүп, тазаланып, иретке келтирилди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен шаардыктар тазалыктан сырткары көчөт отургузууга да убакыт бөлүп, бүгүн 427 ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий