• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Бишкектин мэри бактарды кыюуга каршы кол топтоого комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 13.02.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы бактарды кыюу маселесинде элдин оюн эске алат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине борбор калаанын мэри Азиз Суракматов бактарды кыюуга каршы кол топтоого комментарий берип жатып билдирди.

Ал билдиргендей, жолдорду оңдоо долбоору боюнча иш башталганда абалды мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы жана "Жашылдандыруу" ишканасы изилдей баштаган.

"Учурда тараптар бул маселеде бир пикирге келе албай жатышат. Долбоор боюнча кыйыла турган бактын саны 4 миңден 2 миңге чейин азайтылган. Ишти карап чыгуу уланууда", - деди ал.

Ошондой эле мэр жолдорду оңдоо кытайлык гранттардын эсебинен жасалып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий