• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери башталды – сүрөт

Коом 0


Бишкек, 27.05.24. /Айпери Кожоева - Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жолдордун капиталдык оңдоого жабылган тилкелеринде жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.

Учурда Ахунбаев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин, ошондой эле Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки тилкелеринде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, бул көчөлөрдө акыркы жолу оңдоо иштери 2001-2003-жылдары жүргүзүлгөн.

Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында жолдорго жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар жаңыланат, жолдордун айрым участоктору кеңейтилип, тегизделет.

Белгилей кетсек, Байтик баатыр көчөсүнүн Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки жана Ахунбаев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки тилкелеринде оңдоо иштери бир нече этап менен жүргүзүлөт.

Кошумчалай кетсек, 10-июндан тарта Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери башталат. (1-этап Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин).

Ошондой эле Бишкек шаарынын дагы 3 негизги көчөсүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү пландалып, жакынкы аралыкта төмөнкү көчөлөрдө иштер башталат:

- М.Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин;
- Юнусалиев көчөсү Сухэ-Батор көчөсүнөн М.Горький көчөсүнө чейин;
- Жибек-Жолу проспектиси Курманжан датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин.

Пикир

Оставить комментарий