• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанга тиешеси жок – Айыл чарба министрлиги талаага төгүлгөн пияздар боюнча

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Пияздын массалык түрдө талаага ыргытылганы тартылган видео тасма Кыргызстандын аймагынан сырткары жерде, атап айтканда, Казакстандын Шор-Төбө аймагында тартылган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги социалдык тармакта пияздын массалык түрдө талаага ыргытылып жаткан видеого комментарий берип жатып билдирди.

Белгиленгендей, аталган видео тасма Фейсбук социалдык тармагындагы Bishkek Life тайпасында аты-жөнү белгисиз жаран (Аккаунту Man Bish) тарабынан "Кайран эмгек" деген тема менен жарыяланган.

Министрлик учурда өлкө аймагында кампаларда сакталып турган былтыркы пияздар дыйкан-фермерлерге эмес, ортомчуларга (алып-сатарларга) таандык экендигин белгилейт жана пияздын жаңы түшүмүнүн баасы туруктуу бойдон сакталышына көмөк көрсөтөт.

Ошондой эле ведомство айыл чарба багытында өндүрүлгөн продукциялардын баасын туруктуу кармоо максатында жана дыйкан-фермерлерге тиешелүү көмөк көрсөтүү үчүн Координациялык кеңеш түзүлгөндүгүн билдирет. Кеңешке министрликтин жооптуу кызматкерлери кирип, ага министрдин орун басары С.Н.Насирдинов төрагалык кылат. Бардык кызыктырган суроолор боюнча Координациялык кеңешке кайрылсаңыздар болот. Байланыш номерлери:

  • (0312) 66-25-11;
  • (0312) 62-37-22;
  • (0312) 62-37-72.

Пикир

Оставить комментарий