Айбек Жунушалиев "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 07.06.24./Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасына барды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаанын башчысы ишкананын аймагын кыдырып, асма чырактар, темир тирөөчтөр жана кронштейндер, темир буюмдар чыгарылып жаткан цехтин иши менен таанышты.

Мэр ишкананын аймагын иретке келтирип, тазалап, көрктөндүрүү менен бирге кызматкерлердин иштөөсүнө бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.

Ишкананын директору 2023-жылда аткарылган иштер жана үстүбүздөгү жылдын пландары тууралуу маалымат берди.

Борбор калаа башчысы административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга кошулган аймактарды жарыктандыруу милдетин койду. Борбор калаадагы имараттарды жарыктандыруу эрежелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев Бишкек шаарындагы жарыктандыруу кызматынын диспетчердик кызматы менен таанышып, анда шаардын тышкы жарыктандыруусун автоматтык башкаруу системасы (АСУНО) сунушталды.

Мэр шаардын коммуналдык кызматтарынын биргелешкен ишинин регламентин түзүү милдетин койду.

Кийинки пункт "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын базасы болду, анда гараж жана темир-бетон таянычтарын чыгаруучу цех бар.

Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар мэри Айбек Жунушалиев ишкананын базасынын аймагын тазалоо боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий