• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда бир жумада 15 миңге жакын жол эрежесин бузуу катталды

Коом 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Акыркы жумада өлкө боюнча 14 миң 887 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу ИИмдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн - 1993;

- тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн - 178;

- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 4847;

- транспорт каражаттарын каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 213;

- жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 6;

- мамлекеттик номери жок – 13;

- ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 24;

- жасалма айдоочулук күбөлүк менен унаа айдаганы үчүн – 1;

- Автоээнбаштык – 4;

- жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 79;

- ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 127;

- Кооптуу жүкташуу эрежелерин бузуу – 4;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 6579;

- айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн - 49;

- мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 173;

- унаа токтотуучу жайга коюлду – 689.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, жол кыймылынын бардык катышуучуларын өзүнө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин эскертет.

“Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий