• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Орто-Сай" базарынын аймагында өрт өчүрүүгө тоскоолдук жараткан объекттер алынды

Коом 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Өрткө каршы машыгуунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери "Орто-Сай" базарынын аймагындагы өрт өчүрүү кызматтарынын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан объекттерди алышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бул татаал иште мыкты өнөктөш болушту.

"Орто-Сай" базарынын борбордук өтмөгүндөгү бастырмалар жана чатырлар алып салынды. Өткөөлдү бөгөгөн мыйзамсыз курулуштар, жеңил типтеги обьекти дагы алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий