• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Айбек Жунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Озхан Хусейн жетектеген делегация менен жолукту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, анда “Бишкек автобустары, Транш II” долбоорунун абалы жана жылуулук менен камсыздоо боюнча потенциалдуу долбоорлор талкууланды.

"Бишкек автобустары, Транш II" долбоору борбор калааны жаңыланган автобус паркы менен камсыздайт. Бул өз кезегинде абанын сапатына оң таасирин тийгизүү менен парник газдарынын чыгарылышын азайтат.

Жылуулук менен камсыздоо долбоору ошондой эле отундун альтернативдик түрүнө өткөрүү менен көмүр отканаларын реконструкциялоону жана модернизациялоону камтыйт.

Айбек Жунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар потенциалдуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга үмүт артышты.

Пикир

Оставить комментарий