• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Аида Касымалиева БУУӨПтүн администратору менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын Бириккен Улуттур Уюмундагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Ахим Штайнер менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУӨПтүн ортосундагы экология жана климат, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери талкууланып, БУУӨПтүн ар түрдүү тармактарда көрсөткөн туруктуу колдоосуна ыраазычылык билдирилди.

Ошондой эле тоо боюнча күн тартибинде өлкөнүн эл аралык демилгелерине өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, туруктуу өкүл Аида Касымалиева 2022-жылдын декабрь айында БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясын кабыл алганын жана 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер деп жарыяланганы тууралуу маалымат берди. Ушуга байланыштуу бул резолюцияны иш жүзүндө жүзөгө ашырууга катышууну суранды.

Өз кезегинде Ахим Штайнер Кыргыз Республикасына тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы ишмердүүлүгүн колдоо жана көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар ийгиликтүү иш каалап, мындан аркы жемиштүү кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий