• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ала-Тоо конушундагы таза суу көйгөйү: Депутат Карамушкина маселени карап чыгууга убада берди

Коом 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Депутат Карамушкина Ала-Тоо конушундагы кир ичүүчү суу маселесин карап чыга тургандыгын убада кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн интернет баракчасына жазып чыкты.

Мурда журналист Алишер Ташматов Чүй облусунун Ала-Тоо конушунун жашоочулары ичүүчү суу көйгөйүн айтышып, арызданып жатышкандыктарын маалымдаган.

“Бир жумадан ашык убакыттан бери крандагы суу таза эмес агууда – ылай жана курттар аралаш”,-деп билдирген Ташматов.

Анын билдирүүсүнө депутат Ирина Карамушкина үн катып, бул маселени бүгүн өкмөттүк сааттын алкагында көтөрүп чыгып, сурай тургандыгын убада кылды.

Депутаттын айтымында, ал буга чейин дагы Ала-Тоо конушунун жашоочуларынын атынан өкмөткө кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий