• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Аида Касымалиева БУУнун башкы катчысынын орун басары Лю Чжэньмин менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Кечээ, 24-мартта Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева менен БУУнун башкы катчысынын орун басары, БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин башчысы Лю Чжэньминдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы экономикалык, экологиялык жана социалдык тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулашты, дүйнөдөгү учурдагы саясий кырдаал жана анын Борбордук Азия регионуна тийгизген таасири боюнча пикир алмашты.

Мындан тышкары, туруктуу өкүл Аида Касымалиева БУУнун алкагындагы демилгелер, атап айтканда, климаттын өзгөрүшү жана тоо күн тартиби боюнча маалымат берди.

Жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий