• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Айдарбеков Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-апрель күнү КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министри Абдалла бин Заед Аль-Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, телефондук сүйлөшүү учурунда мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү тууралуу сөз болгон. Ошондой эле тараптар коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууга көрүлүп жаткан чараларды, бул багытта бири-бирин колдоо маселелерин талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий